Турсун Алымбеков

Википедия дан

Алымбеков Турсун (1941-ж.т., Мазарсуу айылы) - юрист; коомдук ишмер.

1971-ж. КМУнун юридика факультетин бүтүргөн.

1971-жылдан Ош облусунда Ленин (Ноокен) р-ндук сотунда төрага, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда судья, Талас облустук, Жайыл райондук сотунун төрагасы болуп иштеген. Учурда Панфилов райондук сотунун төрагасы. 1971-ж. республикада биринчи жолу «Адам жана закон» телерадио берүүлөрүн уюштурган. 2004-жылдан Жогорку Соттун мүчөсү.

Манас-1000 медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5