Туткуч

Википедия дан

Туткуч - идиш-аяктын туткасын кармоо үчүн ылайыкталган кол кап, кармагыч.

Туткуч кийизден же чүпөрөктөн шырылып жасалып, боо тагылат. Ал идиш-аяктын туткасын, казандын кулагын кармоо үчүн байыртадан кеңири колдонулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4