Туугандар

Википедия дан

Туугандар – өзара кандаш тууганчылыкка байланышкан же бири-биринен келип чыккан же жалпы укум-тукуму бир адамдар. Т. көпчүлүк үйбүлө мамилелеринин негизги белгилеринен болуп саналат. КР үйбүлө мыйзамдары ата-энеге, балдарга, асыроочуларга, асырандыларга толук жана толук эмес ага-ини, эже-сиңди, карындаш, чоңата-чоңэне, таята-таяне, неберелерге тийиштүү «жакын тууган» деген түшүнүктү бөлүп көрсөтөт. Туугандык мамилелерди жиктештирүүнүн юридикалык, бөтөнчө үйбүлө жана мурастоо укугундагы мааниси өтө чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]