Туунун мамлекети

Википедия дан

Туунун мамлекети — желеги алдында ошол кеме мыйзамдуу сүзүп жүрүүчү мамлекет. Туунун мамлекети кемеге өз желегин берүү менен анын улуттук таандыктыгын аныктайт. Ар бир мамлекет кемелерге өз желеги алдында сүзүп жүрүү укугун берүү тартибин өзү аныктайт, ошондой эле аларга андай укукту күбөлөндүрүүчү документтерди берет. Туунун мамлекети өз желеги алдында сүзүп жүргөн кемелерге көзөмөл жүргүзүүнүн жана административдик, техникалык жана социалдык маселелерде өз юрисдикциясын натыйжалуу ишке ашырууга, ошондой эле деңиз коопсуздугун камсыз кылуунун жалпы кабылданган эл аралык эрежелерин камсыз кылуу чараларын көрүүгө тийиш.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7