Туура-Суу көрүстөнү

Википедия дан

Туура-Суу көрүстөнү – биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкка таандык эрте көчмөн уруулардан калган археологиялык эстелик. Эстелик Ысык-Көл облусунун Тоң жана Туура-Суу дарыяларынын кошулушундагы тектирде жайгашкан. Көрүстөн топурактан жана таштан үйүлгөн жарым шар түрүндөгү 12 дөбө-мүрзөдөн турат. Алардын диаметрлери 10–30 м, бийиктиги 0,70–2 м. Чоң дөбө мүрзөлөрдүн айланасында майда мүрзөлөр жайгашкан. Маркумдардын сөөгү анча терең эмес тик бурчтуу формада казылып, дубалдары таштан кыналып тургузулган таш үкөктөргө, башы түндүк - батышты каратылып, чалкасынан жаткырылып, жайгаштырылган. Үстүлөрү таш такталар менен бекитилген. Мүрзөлөрдөн маркумга арналган карапа идиштер, колодон жасалган шакекчелер, шурулар, кооздук үчүн жукартылган алтындан жасалган буюмдар (алтын жейрен, алтын шакек, колого алтын жалатылган кур тогоосу, сөөккө карышкырдын сүрөтү түшүрүлгөн жаа бастырмасы) табылган. Эстелик В. П. Мокрынин жана П. П. Гаврюшенко тарабынан изилденген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]