Тушоо кесмей
Көрүнүш
Шарты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулардын саны 5—10 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.
Оюнда колдонуучу аспаптар. Жип, кайчы.
Оюнга даярдануу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жаңыдан басып жаткан бөбөктүн буттарын жип менен тушайт, анын буттарынын жанына кайчы коюлат. Оюнга катышуучулар 40—50 м. аралыкта бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча баары тушалган бөбөктү көздөй жүгүрүшөт. Биринчи келген оюнчу, кайчыны алып тушоону кесет. Тушоо кескен оюнчуга байге берилет.
Оюндун башка түрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тушоо чечмей, жип чечмей,
Оюндун эрежеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Буйруктан мурда жүгүрүүгө, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.
Оюндун педагогикалык мааниси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Күч, ылдамдыкка тарбияланат, тартипти сактоого, салтты үйрөнөт.