Тушоо кесүү, тушоо той

Википедия дан

Тушоо кесүү, тушоо кыркуу, тушоо той – батыраак бассын деген ниет менен там-туң баскан баланын бутуна байланган жипти кесүү ырымы. Баланын тушоосун кесүү үчүн баланын ата-энеси айылдагы элди бала-бакырасы менен чакырып, той өткөрөт.

Чогулган элдин алдында айылдын ардактуу карыясы тушоосу кесиле турган баланын буттарын ала жип менен тушайт да, чогулган балдарды 40–50мдей аралыктан чуркатып жарыштырат. Биринчи келген балага биринчи, калгандарына кийинки байге берилет. Биринчи келген бала тушоону (байланган жипти) кайчы, бычак же маки менен кесет. Тушоо кесүү жаңы баскан же бечел балага арналып өткөрүлгөн.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]