Тушоо менен басуу
Шарттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулардын саны 3—5 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.
Оюнда жип колдонулат.
Оюнга даярдануу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулар бир катар болуп турушуп буттарын жиптер менен өтүп, оюн өтчү аралык шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча, оюнчулар белгиленген аралыктан тушоолору менен бат басып өтүүгө аракеттенишет. Оюнчулардын аракети 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи болуп келген оюнчу жеңүүчү болот.
Оюндун эрежеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Буйруктан мурда аракетти баштоого, тушоону чечип аралыктан өтүүгө, аралыкты толук өтпөй коюуга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн өтчү аралык тегиз, тоскоолдуксуз тушоолор бирдей болушу керек,
Оюндун педагогикалык мааниси. Күч тарбияланат, тең салмакты сактап жүрүүгө, кыймылдарды башкарууга, максатка ынтылууга үйрөтөт.