Туюк көптүк

Википедия дан

Туюк көптүк - топол. мейкиндиктеги көптук; ал өзүнүн бардык пределдик чекиттерин камтыган көптүк катары аныкталат.

Туюк көптүк мисалдары: өзүнүн чектик чекиттери менен бирге каралуучу кесинди, квадрат, куб ж. б. Чектүү саядагы Туюк көптүктөрдү бириктирүү, ошондой эле ар кандай Туюк көптүктөрдүн кесилиши кайрадан Туюк көптүк болот. Ар кандай Туюк көптүктүн толуктоочусу (кошумча көптүгү) ачык болот жана тескерисинче.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4