Тынаев Мамбет
Тынаев Мамбет (1909, азыркы Ысык-Көл облусу, Тоң району, Темир-Канат айылы - 04.06.1975, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Оргочор айылы) - малчы, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1975-ж.). Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгегин сиңирген ишмер устат (1975-ж). Эмгек жолун 1925-ж. баштаган. 1931-жылдан Жети-Өгүз районундагы Оргочор кой чарба тажрыйба станциясында баш чабан болуп иштеген. Кыргызстандын шартында жаш төл өстүрүүдө, ага төшөлгө катары кой кыгын алгач пайдаланып, кышкы туутту киргизип, жалпы малчыларга тараткан. Ал чабан болуп иштеген мезгилде 29миң козу багып (4500ү асыл тукум), анын ар биринин орточо тирүүлөй салмагын 29,5 кгга жеткирип өткөргөн. Ар бир койдон 3,5-6,4 кгга чейин жүн кыркып алган. Кыргыз уяң жундуу коюн чыгарууга катышкан. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Оргочор айлындагы орто мектепке ысмы берилген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4