Тыналиева Турар Ариповна

Википедия дан

Тыналиева Турар Ариповна (28. 12. 1928ж. т., Кант району, Жээк айылы) - микробиолог жана эпидемиолог, медицина илимдин доктору (1970), проф. (1977).

КММИни бүтүргөн (1950), 2-Москва мед. институтунун Н. Ф. Гамалея атындагы микробиол. кафедрасынын аспиранты (1950-53), Кыргызстан эпидемиология, микробиол. жана гигиена ИИИде лабор. башчысы (1953-72). Респ. чумага каршы станциянын башчысынын орун басары (1972-76). 1977-80-ж. КММИнин эпидемиология кафедрасында проф., 1980-98-ж. кафедра башчысы. 2005-жылдан эс алууда. Анын илимий эмгектери (100дөй) жугуштуу ичеги-карын, лептоспироз ооруларынын микробиологиясына, эпидемиологиясына жана профилактикасына арналган. Кыргызстанда биринчи болуп лептоспироз проблемасын изилдеген. Микробиология жана эпидемиология боюнча адис. Саламаттык сактоонун отличниги (1965), Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4