Тыналиев Медин

Википедия дан

Тыналиев Медин (1938, Бууракан айылы - 2000, Бишкек шаары) - уролог, медицина илимдеринин доктору (1984), профессор (1986). Кыргыз УИАнын корреспондент мүчөсү (1997).

  • 1962-ж. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун (КММИ) бүткөн.
  • 1962-ж. Кыргыз онкология жана радиология илимий изилдөө институтунда ординатор,
  • 1962-69-ж. Республикалык жана шаардык клиникалык ооруканалардын урология бөлүмдөрүндө ординатор,
  • 1969-79-ж. КММИнин факультеттик хирургия кафедрасында ассистент,
  • 1979-83-ж. Москвадагы Н. И. Пирогов атындагы 2-медицина институтунда докторант.
  • 1983-86-ж. КММИнин урология кафедрасында ассистент,

1986-жылдан Ошол эле кафедранын профессору, кафедра башчысы болуп иштеген. Анын илимий эмгектери негизинен бөйрөк-таш ооруларын, заара бөлүп чыгаруучу системалардын сезгенүүсүн изилдөөгө арналган. Ал өзүнүн окуучулары менен курорттук факторлорду, жергиликтүү дарылоо ресурстарын, ошондой эле урология ооруларын алдын алуу жолдорун изилдеген. Жалал-Абад курортундагы минерал суусунун нефролитиаз, өнөкөт пиелонефритке таасирин аныкташкан. З00дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинен 4 монография, 22 окуу куралы),10 рационализатордук сунуштун,10 ойлоп табуунун автору. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы (1992), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты («Бөйрөк-таш оорулары» деген китеби үчүн; 1992).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5