Тынчтыкта жанаша жашоо

Википедия дан

Тынчтыкта жанаша жашоо – коомдук түзүлүштөрүнө карабастан мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин тиби, ал төмөнкүлөрдү болжолдойт: талаш маселелерди согушсуз чечүүнүн каражаты катары күч колдонуудан же күч менен коркутуудан баш тартууну, аларды сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүнү; бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө жана мыйзамдуу таламдарын эсепке алуу; элдердин өз тагдырларын өз алдынча чечүүлөрүнө укук берүү; мамлекеттердин эрктүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана алардын чек араларынын бузулгустугун урматтоо; толук тең укуктуулуктун жана өз ара пайданын негизинде кызматташуу; жалпы таанылган принциптердин жана эл аралык укуктун ченемдеринин, түзүлгөн эл аралык келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004