Тынчтык макулдашуу

Википедия дан

Тынчтык макулдашуу – соттук талаш-тартыштарды тараптардын өзара эпке келүүлөрүнүн негизинде токтоткон макулдашуу. Мында тараптар соттук чыгымдарды бөлүшүүнүн тартибин, ошондой эле адвокаттын кызматын төлөө боюнча чыгымдарды алдынала макулдашат. Т. м-ну соттук териштирүү учурунда эле эмес, иштин башка стадияларында – кассациялык инстанциядагы иштерди кароо, сот чечимин аткаруу деңгээлинде да түзүүгө болот. Талашты Т. м. жолу менен чечүүнүн мүмкүнчүлүгү сот тарабынан ишти соттук териштирүүгө даярдоодо да такталат. Т. м. мыйзамдуулугун көзөмөлдөө сотко таандык: Т. к. мыйзамга каршы келсе же кимдир-бирөөнүн укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын бузса ал аны бекитпейт. Т. м-сунун оозеки айтылган шарттары сот жыйынынын протоколдоруна түшүрүлөт жана эки тараптын тең колу коюлат. Жазуу жүзүндө берилген Т. м. ишке кошулуп тиркелет. Т. м-ну бекитүүдө сот Т. м-сунун шарттарын көрсөтүү менен иш боюнча өндүрүштү токтотуу тууралуу аныктама чыгарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]