Тынч разряд
Appearance
Тынч разряд – электроддордун арасындагы талаа көлөмдүк заряддар менен бузулбагандай токтун кичине тыгыздыктарында газдарда пайда болуучу өз алдынча эмес электр разряды.
Тынч разряд мезгилинде иондоштуруу электрондук согуу аркылуу ишке ашырылат. Мында пайда болгон ар бир электрон анодго чейинки жолдун бирдик узундугунда иондоонун a актысын аткарат, ал эми пайда болгон ар бир ион катодго жетүү менен андан кийинки электрондорду согуп чыгарат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0