Тынышпаев (Тынышбаев) Мухамеджан Тынышпаевич

Википедия дан

Тынышбай уулу Мухамежан, казактын коомдук жана саясий ишмери, техникалык кесип алган инженер, темир жол тармагында жетектөөчү кызматтарда иштеген. Россия Мамлекеттик Думасынын депутаты, Түркстан автономиясынын премьер-министри болгон. «Алаш Ордо» саясий кыймылынын жигердүү катышуучусу катары белгилүү. Казактардын ж.б. түрк элдеринин этникалык тарыхы, этногенези, уруулук курамдары, эн тамгалары боюнча изилдеген алгачкы окумуштуулардын бири. Анын калеминен жаралган «Генеалогия киргиз-казакских родов» (Ташкент, 1924) аттуу эмгеги өз учурундагы фундаменталдуу изилдөөлөрдөн болуп саналат. Анда казактардын уруулук курамы жана этнонимдерге тарыхый-этнографиялык нуктагы изилдөөлөр жасалган. Бул эмгекте ошол учурдагы белгилүү изилдөөчүлөрдүн эмгектерине шилтемелер жасалган. М.Тынышпай уулу 1879-ж. Жети-Суу областына караштуу Лепсин уездинин Садрова волостунда тектүү адамдын үй бүлөсүндө туулган. 1937-ж. жалган жалаа менен караланып, Ташкентте атууга кеткен. 1958-ж. кайрадан акталган. М.Тынышпай уулу атасы тектүү казак уруусунан чыккан Генерал Г.Н.Колпаковский тарабынан аныкталган жер комиссиясынын мүчөсү болгон. Атасы 1889-ж. Мухамежанды Верный шаарындагы даяроо кластарына эки жыл окутуп, андан соң гимназияга берет. 1900-ж. М.Тынышпай уулу гимназияны артыкчылык күбөлүгү менен аяктап чыгып, ошол эле жылы атайын жолдомо менен Санкт-Петербург шаарындагы Императордук жол байланышы институтуна өтөт. Гимназиянын директору М.Вахрушевдин сунушу менен М.Тынышпай уулуга казынадан жылына 420 рублей акча каражаты бөлүнүп турган. 1905-ж. эсерлер партиясына мүчөлүккө өтөт. 1906-ж. «Строительство Туркестано-Сибирской железной дороги» деген темада дипломдук ишин коргоп, темир жолчу, инженер-курулушчу кесибине ээ болот. Кийинки тагдыры Орто Азия аймагындагы темир жол тилкелерин куруу менен байланышкан. 1917-ж. мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Убактылуу өкмөттүн комиссары ж.б. кызматтарда иштейт, 1916-ж. көтөрүлүштү иликтөө боюнча комиссиянын курманда иштейт. Бүтүл казак Учредителдик жыйынынын (Оренбург, 1917-ж) активдүү катышуучусу. 1917-ж Кокондогу мусулмандардын аймактык сьездинде премьер-минстр жана Түркстан Автономиясынын ички иштер министри болуп шайланган. Бирок, Мустафа Чокай менен пикир келишпестиктерден улам, бул кызматтан кетүүгө аргасыз болот. Совет бийлиги менен да жигердүү кызматташууларга барып, ар кандай баскычтагы чарбалык ж.б. кызматтарда эмгектенет. 1932-ж. антисоветтик көз карашы үчүн камакка алынып, ал сүргүн менен алмаштырылган. 1937-ж. кыска убакытка эркиндикке чыккандан кийин кайрадан камакка алынып, Ташкентте атууга кеткен. Мухамеджан Тынышпай уулудан «Материалы к истории киргиз-казахского народа. Ташкент, 1925» аттуу эмгеги Орто Азияда жергиликтүү калктардын өкүлдөрү тарабынан жарык көргөн эң алгачкы фундаменталдуу эмгектердин бири. Изилдөөдө кыргыз-казак деп аталып келген бүгүнкү казактардын этностук (уруулук) курамы, эл катары калыптануусу, этнонкомпоненттер, казак урууларынын эн тамга белгилери чагылдырылган. Изилдөөчүнүн эмгектери бүгүн да өз актуалдуулугун жогото элек.

Эмгектери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Краснореченские развалины и город Баласагын // Известия туркестанского отдела Русского Географического общества. Ташкент, 1924. Том 17;
  • Материалы к истории киргиз-казахского народа. Ташкент, 1925;
  • Киргиз-казаки в XVII и XVIII веках: Историческая справка и племенной состав населения Ташкентского уезда // Труды общества изучения Казахстана. Кзыл-Орда, 1926. Том 7. Выпуск 2;
  • Коксуйские развалины и город Кайлак // Труды общества изучения Казахстана. Кзыл-Орда, 1926. Том 7. Выпуск 2;
  • Ак-табан-шубрынды // Бартольд В.В. Туркестанские друзья, ученики и почитатели. Ташкент, 1927.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015