Тыргоот

Википедия дан

Тыргоотэтноним. "Манас" эпосунун негизги варианттарынын баарында душман тарабындагы элдин (уруунун) аты катары салттык түрдө айтылат: "Тыргоот-калмак элинен Эки жүз миң он алты Эсен келди бар калкы" (Сагымбай Орозбаков, 2. 45). "Тыргоот деген эли бар, Кайнап жаткан кытайдын Канча түркүн жаны бар" (Саякбай Каралаев, 2. 19). Мында тарыхый турмушта болгон чындык чагылдырылган. Тарыхта 14-кылымдын аягында Эртиштин башатынын чөлкөмүндө, "Дөрбөн ойрот" (Төрт ойрот) деген калмак урууларынын бирикмеси, башкача айтканда төрт уруудан турган мамлекеттик бирикме түзүлгөн. Тарыхый маалыматтар боюнча калмактын ал төрт уруусу төмөнкүлөр: чорос, хошоут, торгоут, хойт экендиги маалым. Демек, эпостогу Т. деген этноним ошол 14-кылымдын аягынан бери эпикалык душман катары сакталып, текстте айтылып калган. Эпосто: "Төрт арыштуу ойроттун, төрөсүнүн баласы" (Радлов жазып алган вариант, 23) деген саптар түздөн-түз "Дөрбөн ойрот" (Төрт ойрот, төрт уруунун бирикмеси) жөнүндө айтылып, салт боюнча сакталып келгендигин айгинелеп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4