Тыюу салынган сызыктар

Википедия дан

Тыюу салынган сызыктар (спектроскопияда) – тандоо эрежеси бузулган кезде байкалуучу оптикалык атомдордун (ж.б. кванттык системалардын) спектрлеринде пайда болуучу спектрдик сызыктар.

Кванттык системанын дүүлүккөн метастабилдик абалдан нормалдуу абалга тыюу салынган кванттык өтүүлөрүндө пайда болот. Мындай өтүүлөрдүн ыктымалдуулугу нөлгө барабар эмес, бирок мүмкүн болгон өтүүлөрдүн ыктымалдуулугунан бир кыйла төмөн, ошондуктан алардын интенсивдүүлүгү мүмкүн болгон сызыктардын интенсивдүүлүгүнөн бир кыйла кичине. Көбүнчө кванттык система дүүлүккөн метастабилдик абалдан нормалдуу абалга кагылышуу процесстеринин натыйжасында энергиясын жоготуп, нурлануусуз эле өтөт. Бирок бөлүкчөлөрдүн кагылышууларынын арасындагы орточо убакыт аралыгы атомдун метастабилдүү деңгээлдеги же андан да жогору деңгээлдеги жашоо убактысы менен салыштырмалуу болгон сейректелген газдарда атом кагылышканга чейин нормалдуу абалына фотонду чыгарып өтүп кетиши мүмкүн. Мындай өтүүлөр космостук газ тумандуулуктарда, атмосферанын жогорку катмарларынын ж. б. спектрлеринде интенсивдүү Тыюу салынган сызыктардын пайда болушун шарттайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]