Тьерра Фриа

Википедия дан

Тьерра Фриа (исп. tierra fria - суук жер) - Борбордук жана Түштүк Америка тоолорунун жогорку токой алкагы.

Төмөнкү кеңдиктерде 1700-2000 мден, экватордо 3200-3500 мге бийиктикке чейин таралган. Орт. айлик температурасы 1118°С, жаан-чачины 1500-2000 мм (чет жакаларында 700-800 мм). Жыл бою муздак жаан жаап, туман басып турат. Папоротник, бамбук, плаун, мамик чөп жана энилчек, дайыма жашил, жазы жана ийне жалбырактуу дарактардан жана бадалдардан турган бийик тоолуу аралаш токой (нефелогилея) мүнөздүү. Ички бөксө тоолору - шалбаа жана талаа; картөшкө, буурчак айдалат, мал багылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4