Тьерра кальенте

Википедия дан

Тьерра кальенте (исп. tierra caliente - исик жер) - Борбордук (деңиз деңг. 800 м бийикт. чейин) жана Түштүк (1000-1500 м, 11° түндүк кендиктен, 18° түштүк кеңдикке чейин) Америка тоолоруна мүнөздүү токой ландшафтынын төмөнкү алкагы.

Рельефине жантайыңкы капталдар, шиленди конустар, тектирлүү дарыя өрөөндөрү мүнөздүү. Климати тропиктик, нимдуу. Айлык орт. температурасы 22-27°С. Жылдык жаан-чачыны 2000 мм (Батыш Колумбияда 7000 ммге жетет). Too капталдарында дайыма жашыл, нымдуу тропик токою (пальма, каучук дарак, сейба, бальса ж. б., лианалар жана эпифиттер) өсүп, токойдун астында латериттик тоо топурагы өөрчүйт. Какао, банан, бал камыш, кургакчыл аймактарында кофе, тамеки, пахта, кока өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4