Тьютор

Википедия дан

Тьютор - (англисче tutor – репетитор, куратор, тарбиячы, насаатчы) – окуучулардын сабактан тышкары окуу жана чыгармачылык ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу педагог. Европанын айрым жогорку окуу жайларында бул кадыресе окутуучулук кызмат. Тьюторлук маалымат булактары менен өз алдынча иштөөгө, ошондой эле жекече программа менен билим алууга артыкчылык берилген окуу жайларда кеңири практикаланат. Ошондуктан ал студенттин жеке илимий жетекчиси катары да каралат.
Тьютор бир эле же аз кишиге айкын сабакты окутуучу жеке үйрөтүүчү. Үйрөтүүчүнүн мындай көңүлүнөн окуучулар, студенттер өз билимин тез жана жакшыраак өздөштүрүшөт. Мындай тьюторлордун эмгек акысын студент же студенттин үй-бүлөөсү төлөйт.
Кээбир тьюторлорду тартибин оңдоого же окууга жөндөмү жок, а кээбирлер тескерисинче жөндөмдүү окуучуларга, студенттерге жалдашат.[1]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004.

  1. http://en.wikipedia.org/wiki/Tutor