Тэжон

Википедия дан

Тэжон - Корей Республикандагы шаар.

Түштүк Чхунчхон (Чхунчхон-Намдо) провинциясынын адм. жана Түштүк Кореянын илимий борбору. Борборго баш ийген өз алдынча адм.-айм. бирдик. Калкы 1,5 млн (2010; агломерациясы менен 2 млндон ашык).

Жогорку технологиялуу электроника өнөр жайынын ири борбору. Жолдор тоому. Метрополитен иштейт. Темир жолу бекети. Аэропорту бар. Жибек, тамак-аш ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Кореянын атомдук энергияны изилдөө институту, Тэжон искусство, Корей Республиканын улуттук илим жана техника музейи ж. б. бар.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4