Тяньшанит

Википедия дан

Тяньшанит - минерал, Na2BaMnTiB2Si6O20. Кошундулары: Fe, Ta, Nb, Mg, Ca, K. Агрегаты майда бүртүктүү.

Өнү саргыч жашыл. Айнектей жылтырайт. Катуулугу 6-6,5, тыгыздыгы 3,29 г/см3. Биринчи жолу Алай кырка тоосунун түштүк капталындагы Дара-и-Пиоз мөңгүсүнүн моренасынан (Тажикстан) табылган. Щёлочтуу сиениттеги кварц-эгирин-микроклиндүү пегматитте пирохлор, астрофиллит, бафертисит, данбурит ж. б. менен чогуу кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4