Түбөлүктүү чындык

Википедия дан

Түбөлүктүү чындык (Вечная истина) – адетте догматикалык, метафизикалык окуулар м-н диний китептерде, чындык дайыма түбөлүктүү б. а. бардык мезгилде ж-а шарттарда өзгөрбөстөн калуусу керек дегенди билдирген ж-а кабыл алынган түшүнүк.

Алардагы ой боюнча Түбөлүктүү чындык кийинчерээк өзгөрсө, анда ал чындык эч качан түбөлүктүү болгон эмес. Маркстык философия бул окууларды сынга алуу м-н Түбөлүктүү чындыктын болушун четке какпайт. Мис., так аныкталган, өзгөрүүгө дуушар болбогон фактылар. Бирок Түбөлүктүү чындыктар, чындык болуп салыштырмалуу, белгилүү чекте гана болуп, чектелген гана областтарда колдонулат. Убакыт өткөн сайын алар тактала берет. Түбөлүктүү чындык – таанып-билүү процессинде салыштырмалуу чындыктан абсолюттук чындыкка жетүү жолундагы бир баскыч болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8