Түбөлүк образдар

Википедия дан

Түбөлүк образдар — жеткиликтүү көркөм жалпылык жана рухий тереңдик аркылуу бүткүл адамзат менен бардык мезгилдерге таандык адабий образдар.

Түбөлүк образдардын классикалык үлгүлөрү: Прометей, Манас, Гамлет, Дон Жуан, Фауст ж. б. Бул образдар айрым бир доорлордун негизинде пайда болсо да, адам турмушунун дайыма кайталанып туруучу жактарын чагылдырат. Кандай гана жазуучу болбосун өзү жашаган доорду, же өзүнөн мурдагы доорду терең изилдөө менен катар ошол мезгилдин конкреттүүтарыхый өзгөчөлүктөрүн терең чагылдырган кейипкерлердин таасын образдарын жаратат. Мис., Л. Толстойдун «Согуш жана Тынчтык» романындагы Андрей Болконскийдин, Пьер Безуховдун, Наташа Ростованын образдары.

Кыргыз адабиятында У. Абдукаимовдун «Майдан» романындагы Качыке менен Алсаматтын; Т. Касымбековдун «Сынган кылыч» романындагы Абил бийдин образдары аркылуу ар бир жазуучу чыгармасында өзү сүрөттөгөн кейипкерлер аркылуу конкреттүү-тарыхый доордун социалдыккоомдук шарттарын, бөтөнчөлүктөрүн так, реалдуу сүрөттөөгө жетишкен. Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романындагы Маңкурттун образы Түбөлүк образдарга ээ болду. Анткени, бул образ жөн эле Жоломан (байыркы мифтин каарманы), жөн эле Сабитжан, Таңсыкбаев (Совет доорунун адамдары) эмес, азыркы мезгилде маңкурт, маңкуртчулук деген түшүнүктөр конкреттүү кейипкерлердин алкагынан алда качан чыгып, жалпы адамзаттык, т. а. бул образ аркылуу ар түрдүү коомдо, ар түрдүү доордо жашаган ата мурасын биротоло унутуп, өз алдынчалыгын жоготуп, бийликтин өкүмүн белимчилик менен аткарган адамдын образын түшүндүрүп, чагылдырып калды, к. Өлбөс образдар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4