Түгөйлөрдүн пайда болушу

Википедия дан

Түгөйлөрдүн пайда болушу - элементардык бөлүкчөлөрдун электр-магниттик ж. б. өз ара аракеттенишүүсүнөн бир эле убакта бөлүкчө жана антибөлүкчө пайда болуучу өз ара айланууларынын бир түрү.

Түгөйлөрдүн пайда болушунун мүмкүндүгү Дирактын релятивдик теңдемесинен келип чыгат. 1933-ж. фр. физиктер И. жана Ф. ЖолиоКюрилер магнит талаасында жайгаштырылган Вильсон камерасынын жардамы менен радиоактивдүү булактан чыккан г-кванттардан электрон-позитрон түгөйлөрүнүн пайда болушун байкашкан. Түгөйлөрдүн пайда болушу атом ядросунун жана электрон дорунун кулон талаасында фотондун энергиясы бөлүкчөнүн тынч абалдагы энергиясына караганда эки эседен ашыгыраак болгон кезде жүрөт. Бөлүкчөлөрдүн кагылышуусунда же ажыроосунда пайда болгон виртуалдык г-фотон да түгөйдү пайда кылат. Түгөйлөрдүн пайда болушунун мындай механизми фотон конверсиясы деп да аталат. Адрондук кагылышуулардан мюондук (m+, пг) Түгөйлөрдүн пайда болушун адрондордун курамына кирген кварктар менен антикварктардын электр-магниттик аннигиляциясы менен байланыштырышат. Жалпы учурда карама-каршы лептондук же бариондук заряддарга ээ бөлүкчөлөрдүн түгөйү пайда болгон ар кандай процессти лептондордун же кварктардын Түгөйлөрдүн пайда болушунун процесси катары кароого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4