Түгөлов Нурдин Сооронбаевич

Википедия дан

Түгөлов Нурдин Сооронбаевич (15. 9. 1920, Жумгал району, Чаек айылы - 10. 6. 1980, Фрунзе ш.) - бийчи, балетмейстер, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгеги сиңирген ишмер ишмер (1958), Кыргыз ССРинин эл артисти (1976).

1941-ж. Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) хореография окуу жайын A. А. Писаревдин классын бүткөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан (1942-45). 1946жылдан Фрунзедеги хореогр. окуу жайында сабак берген. Кыргыз мамлекеттик акад. опера жана балет театрында (1941-42, 1946-54), балетмейстер, башкы балетмейстер (1959-64). 196677-ж. Кыргыз мамлекеттик филармониясында Кыргыз бий ансамблин (азыркы «Акмарал») түзүп, аны жетектеген. Улуттук жана классикалык балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздүү образдарды жараткан. Негизгилери: Кадыр (В. Власов, В. Фере, «Анар»), Зигфрид (П. И. Чайковский, «Ак куу көлү»), Стефан (А. Глазунов, «Раймонда») ж. б. «Доктор Айболит» (И. Морозов), «АлаТоо жазы» (В. Власов, В. Фере), «Чолпон» (М. Раухвергер), «Куйручук» (К. Молдобасанов, либреттосу Г. Окуневдики), «Ромео жана Жульетта» (С. Прокофьев) ж. б. балеттерди, көптөгөн бийлерди койгон. «Чолпон» балет-фильминин сценарийин жазган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4