Түгөл-Сай археологиялык комплекси

Википедия дан

Түгөл-Сай археологиялык комплекси – Жумгал районунун, Түгөл-Сай айылынын жанындагы 10–12-кылымдарга таандык 6 шаар чалдыбары жана 1–10-кылымдарга тиешелүү 2 байыркы көрүстөн. Имараттын калдыгы, жыгач табыт, карапа сыныктары, малдын сөөгү жана башка табылган. Бул жерде металл өндүрүү кыйла өнүккөн. Шаарчанын айланасында темир эриткенден калган шлактар, кыш бышырган жерлер арбын. 1958–59-жылдары П.Н.Кожемяко изилдеген.