Мазмунга өтүү

Түзөткүч

Википедия дан

Түзөткүч, ток түзөткүч - өзгөрмө токту туруктуу токко айландыруучу түзүлүш.

Түзөткүчтүн негизги элементи - электр вентили. Вентилдердин түрүнө жараша Түзөткүч кенотрондуу, газотрондуу, тиратрондуу, сымаптуу, жарым өткөргүчтүү жана электр контакттуу болуп бөлүнөт; мындан тышкары Түзөткүч бир же үч фазалуу, бир жана эки жарым мезгилдүү болуп да айырмаланат. Түзөткүчтөн алынган туруктуу токтун пульсациясын азайтуу үчүн Түзөткүчтүн чыгышына элекир чыпкасы туташтырылат. Бир фазалуу Түзөткүч негизинен автоматика жана телемеханика түзүлүштөрүн, радиоаппаратураны ж. б-ны ток менен камсыз кылат, ал эми үч фазалуулар кубаттуу өнөр жай орнотмолору үчүн пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4