Түзөтүүчү диод

Википедия дан

Түзөтүүчү диод - бир тарапка (жарым өткөргүч) гана ток өткөрүүчү эки электроддуу прибор.

Түзөтүүчү диодго 500 А токко эсептелген (түз багытта) жана 1 кВко чейинки тескери чыңалуудагы аба жана суу менен муздатылган кремний жана германий диоддору; ток тыгыздыгы 1000 А/м2 жана тескери чыңалуусу 60 Вко чейин болгон селен вентилдери кирет. Ал электр жана радиотех. түзүлүштөрдө өзгөрүлмө токту (чыңалууну) туруктуу токко өзгөртүү үчүн, токту түзөтүү, электр чынжырларын кошуу жана ажыратуу, электр сигналдарын өзгөртүп жана кошуп берүү үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4