Түз иштетүү

Википедия дан

Түз иштетүү (англисче: straight-through processing, STP) — маалыматтын тынымсыз, толук автоматташтырылган процесси. Баштапкы берилмелер автоматтык системалар аркылуу да кол менен киргизүү аркылуу да түзүлөт, бирок алардын андан аркы өткөрүлүүсү жана иштетилүүсү толук автоматтык түрдө болот.[1]

Кыскасы STP технологиясы брокердик компания кардарлар менен тышкы базардын ортосунда автоматтык ортомчул катары иштейт деп болжолдойт. Клиенттердин ордерлери тышкы базарда же ири контрагентте келишим түзүү үүн автоматтык түрдө жөнөтүлөт.

Транзакциялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

STP фонддук базарларда автоматташкан иштетүүгө акцияларды сатуу үчүн 1990-жылдардын башында Лондондо иштелип чыккан.[2]

Мурда төлөмдөрдү жүрүшү кол ишин талап кылган.[3] Процесс көбүнчө бир нече саатты алчу. Анын үстүнө адамдын кошумча кийлигишүүсү кталардын чоң тобокелдигине алып келген.

STP операциясынын жардамы менен акча же баалуу кагаздар менен бир эле күндө иштетилип анан аягына чыгат.

Төлөмдөр дагы деле ар кандай себептерден STP эмес болушу мүмкүн.[4]

Артыкчылыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Толук ишке ашырууда STP башкаруучу активдерге иштетүүнүн кыска циклдери, төлөмдөрдүн тобокелдигинин төмөндөөсү жана кыйла төмөн операциялык чыгымдар сыяктуу артыкчылыктарды сунуштай алат.[5]

Кээ бир тармак аналитиктери 100% автоматташтырууну жетүүгө мүмкүн эмес максат деп эсептешет.[6] Анын ордуна, алар фирманын ичиндеги STP деңгээлин жогорулатуу идеясын колдоп, фирмалардын топторун эки тараптуу же колдонуучу жамааты (тышкы STP) катары өз ара транзакциялык маалыматты автоматташтыруу сапатын жакшыртуу үчүн биргелешип иштөөгө үндөшүүдө. Башка аналитиктер STP бизнестин өз ара иштешүүсүнүн пайда болушу менен ишке ашарын болжолдошот.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Straight-Through Processing (STP). Текшерилген күнү 20 -сентябрь (аяк оона) 2021.
  2. Straight Through Processing (STP) Brokers Guide. Текшерилген күнү 20 -сентябрь (аяк оона) 2021.
  3. Rising to the Challenge: Five Barriers to STP in the Treasury Department. Текшерилген күнү 20 -сентябрь (аяк оона) 2021.
  4. Challenges around STP in Payments. Текшерилген күнү 20 -сентябрь (аяк оона) 2021.
  5. Frequently Asked Questions On Straight Through Processing. Текшерилген күнү 20 -сентябрь (аяк оона) 2021.
  6. STP and Credit Derivatives. Текшерилген күнү 20 -сентябрь (аяк оона) 2021.