Түз ядролук реакция

Википедия дан

Түз ядролук реакция – ядрого берилүүчү энергия көбүнчө нуклонго же нуклон тобуна берилүүчү ядролук процесс.

Түз ядролук реакция энергиянын кеңири диапазонунда (бир канча ГэВко чейин жана андан жогору), γ-кванттардан тартып көп заряддуу иондорго чейинки бомбалоочу бөлүкчөлөрдүн аракетинен жүрөт. Түз ядролук реакция үчүн бөлүкчөлөрдүн учуп чыгуусунун күчтүү бурчтук анизотропиясы жана (σ) кесилиш аянтынын учуп кирген бөлүкчөлөрдүн (ε) энергиясынан салыштырмалуу начар көзкарандылыгы мүнөздүү. Түз ядролук реакциянын натыйжасында пайда болгон ядро эрежеге ылайык начар дүүлүккөн, же негизги абалда болот.

Түз ядролук реакция ХХ к-дын 50-ж-дарынын башында ачылган. Алгач жеңил ядролордо дейтрондук ажыроо (d, p) жана кармалуу (p,d) реакциялары табылган. Бул реакцияларда пайда болгон протондор жана дейтрондор негизинен алга (учуп кирген бөлүкчөлөрдүн агымынын багытында) учуп чыгышат. Нуклон же нуклондор тобу кагылышкан ядролордун биринен экинчисине өткөн (өткөрүп берүү реакциясы), квазисерпилгич (p, 2p) чачыроо реакциясы, ядролордон дейтрондорду уруп чыгаруу процесстери, б.а. (p, pd) реакциялары ж. б.сыяктуу Түз ядролук реакциябелгилүү.

Түз ядролук реакциялардын өзгөчөлүктөрү ядродон учуп чыккан бөлүкчөлөр ага урунган бөлүкчөлөр менен өз ара аракеттешүүсүнүн импульска жана энергияга ээ болушу менен түшүндүрүлөт. Түз ядролук реакция нуклондун тыгыздыгы аз болгондугунун натыйжасында тышкы агенттен энергия алган бөлүкчө ядрону таштап кете алуу ыктымалдуулугу бир топ чоң болгон ядронун перифериясында жүрөт деп божомолдонот. Перифериялык катмардын өлчөмү 1 φ тартибинде, ал эми оор ядролордун радиусу 10φ-ны түзгөндүктөн, Түз ядролук реакциянын салыштырмалуу ыктымалдуулугу ≈10% (жеңил ядролордо бир аз чоң) болууга тийиш жана бул эксперимент менен дал келет.

Түз ядролук реакциянын сандык теориясын ХХ кылымдын 50-ж. С.Т. Батлер сунуш кылган. ХХ к-дын 60-ж. талаанын кванттык теориясынын методдорун (Фейнман диаграмма техникасына) колдонууга негизделген дисперсия теориясы түзүлгөн.

Түз ядролук реакция ядролук деңгээлдердин спектрин, ядронун перифериясынын структурасын (айрым алганда нуклондордун – “кластерлердин” перифериялык корреляцияланган группаларын) үйрөнүү жана стабилдүү эмес элементардык бөлүкчөлөрдүн нуклондор менен өз ара аракеттешүүсү жөнүндө маалымат алуу үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]