Түймөк бактериялары

Википедия дан
Rhizobium tropici.

Түймөк бактериялары (лат. Rhizobium) - азот топтоочу бактериялар уруусу.

Көпчүлүк чанактуу өсүмдүктөрдүн тамырында симбиоздо жашап, түймөкчөлөрдү пайда кылат. Түймөк бактериялары түймөкчөлөрдүн ичинде мол. азотту ассимиляциялап, аны өсүмдүк оңой сиңирүүчү бирикмелерге айлантат, ал өз кезегинде бактерияларды азык зат менен камсыз кылат. Демейде жаш Түймөк бактериялары таякча сымал формада, кыймылдуу, чоңдугу 0,5-0,9 1,2-3,0 мкм, грамм-терс, спора пайда кылбайт. Аэробдор жана факультативдүү анаэробдор. Түймөк бактериялары түймөктөрдө N2 ургаалдуу байланыштыруучу бактероциддерди пайда кылып, формасын өзгөртөт. Чанактуулар жок жерде Түймөк бактериялары спорофиттер сыяктуу топуракта жашай берет. Түймөк бактерияларынын автивдүү штаммдары (микроорганизмдердин таза культурасы) бактериялык жер семирткич алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4