Түктаман

Википедия дан

Түктаман"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, кытай балбаны. Коңурбай тосмо курдуруп, Таластын суусун бурганда Т-ды Бээжинден атайы алдырып келип, аны Алтымыш балбанга башчы коюп, тосмону кайтартып коёт. Сынчы жана балбан Т. тосмого келген Күлчорону сынап көрүп, баатырлыгын купулуна толтуруп, ким экенин сурайт. Каңгурлуктун канымын, бурут менен согушканы келгем дегенине ишенип, Күлчоронун колунан өлүм болгон (Саякбай Каралаев, "Семетей", 2. 238—240).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4