Түлөкабылова Жаңылкан

Википедия дан

Түлөкабылова Жаңылкан Өрмөкчү, оймочу. 1937-ж. Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Кочкор, Кум-Дөбө айылдарында китепканада, соода тармагында иштеген. Шырдакчылык менен өрмөкчүлүктү бирдей кармап, 1982-жылдан «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Кочкордогу чеберканасында үйдөн узданат. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Жаңылкан негизи өрмөкчүлүк аркылуу бүткөрүлүүчү боз үйдүн ички жасалгалары - тегиричке, жабык баш боого, туурдук боого, кереге баш чалгычка, уук тизгичке, кереге таңууга, саканак таңгычка, жел боого, кылдыроочко көркөм көчөт келтирип согот. Уздун тегиричи 61, 69,49, 59 жуп жиптерден эришке күзүктөлүп, ала түшкөн түр табакчаланын, «кыял оюмунун», «мүйүз оюмунун», «омуртка оюмунун», «чымын канат оюмунун» элементтеринен турат. Боз үйдүн боо-чууларына ийрек көчөтүн», «жарым ийрек көчөтүн» арбын пайдаланат. Жаңылкандын буюм бетине жараткан көркөмдүктөрү башка элдик буюмдардан анча айырмаланбаганы менен түстөрдү берүүдө уздук бөтөнчөлүктөрү таанылат. Ал кызыл-көк өңдөрдү алдыңкы планга алып чыгат. Уз кийиз буюмдарынын борбордук оюмуна «кочкор мүйүз оюмун» негиз кылат. Ошондо төрт «кочкор мүйүз оюмунун» ичине ар бир табакчаны түзүп төрт «кочкор мүйүз оюму» чыгып, жалпы оюм түрүндө алынып, үзүл-кесилсиз төптүктө, тактыкта төрт бурч пайда болот. Мында жээк оюм менен борбордук оюмду «быч ак учунан» турган «аламыч» бөлөт да, шырдак чети жээктелет. Уз кызыл көктү беттештирет, ал кыргыздын кызыл шырдагын элестетет.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык кароо-сынагы». Терме тегиричи үчүн Обкомдук жана Облаткомдун Ардак грамотасы; 1987-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгыяа карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Обкомдун жана Облаткомдун Ардак грамотасы, «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин диплому; 1990-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Терме таары жана шырдагы менен катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0