Түндүк-батыш өткөөлү

Википедия дан

Түндүк-батыш өткөөлү (Northwest Passage) - Түндүк деңиз жолу.

Канадалык Арктика архипелагынын деңиздери менен кысыктарын аралап өтүп, Атлантика океанын Тынч океан менен туташтырат. Кысык аркылуу алгачкы жолу 1903-06-ж. чыгыштан батышка карай Р. Амундсен жетектеген экспедиция 3 жолу кыштап, сүзүп өткөн. 2007-ж. Европа космостук уюму арктиканын муз катмары минималдык деңгээлге чейин азайганын билдирген соң, Түндүк-батыш өткөөлү жүк ташуучу кеме жүрүүгө ыңгайлуу деп табылган. Учурда ал жолдун кайсы өлкөгө тийиштүү болору талаш бойдон калууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4