Түндүк Кипр Суу менен камсыздоо Долбоору

Википедия дан

Түндүк Кипр Суу менен камсыздоо Долбоору (English: Northern Cyprus Water Supply Project, Türkçe: Kuzey Kıbrıs Türk Cumhuriyeti Su Temin Projesi)

Түркиянын DSİ (Мамлекеттик Суу Иштери) организациясы, Мерсин дубанындагы Анамур Драгон сайынын суусун Жер Ортолук Дениздин 250 метр астынан өткөрүп Түндүк Кипрди суу менен камсыздоону пландап жатат. Дениздин 250 метр астынан өтө турган суу түтүгү 80 км узундукта болуп, Түндүк Кипрдин таза суу, сугат суу жана индустриялык суу муктаждыгын каршыламай болууда.

Долбоор Түндүк Кипрдин узун мөөнөттөгү суу муктаждыгын каршылоосу үчүн, Анамур Драгон сайында курула турган Алакөпрү суу сактагычындан алына турган 75 миллион м3/жыл сууну, Жер Ортолук Денизине курула турган куурлар менен Кипр тарабына, Гирне шаарына жакын жерде курула турган Гэчиткөй суу сактагычына алып баруусу пландалды.

Түндүк Кипр Таза суу муктаждыгын бүтүндөй жер астынан сордуруп алып колдонуп жүрөт. Бирок өтө көп сордурулуп алынганы үчүн, Магуса жана Гүзелюрт өрөөндөрүндөгү жер астындагы сууларга дениз суусу аралашып, суунун туздалышына себэп болгон.

Бешпармак тоолорундан алынган суулар, сапаттуу таза болгону менен, аябай чектелүү гана калктын талабына жетүүдө. Кипр бир арал өлкөсү жана чектелүү гана табигый кен байлыктары болгону үчүн, бул долбоор Кипрдин өнүгүүсүнө чон түрткү бермекчи.

Бул долбоордун эн критикалуу бөлүгү денизден өтүүчү бөлүгү болуп эсептелет. Анткени бул 80.000 метр аралыгына, дениздин астынан ПЭ100 трубалары аркылуу суу алып өтүү болуп саналат. Долбоордун трубаларын дүйнөгө таанымал Фырат Пластик компаниясы тарабынан Мерсинде дениз жээгинэ курулган мобил заводдо 500мт узундуктарда чыгарылат. Трубалардын диамтри 1600мм, басымдары болсо 6 бар менен 8 бар арасында болмокчу. Трубалар дениздин 250 мт астында түркүктөр менен асылып монтаждалмакчы.

долбоор картасы

http://www.dsi.gov.tr/projeler/kktc-su-temin-projesi

http://www.firat.com/basari-hikayeleri/kibris-su-temin-projesi