Түп нуска
Jump to navigation
Jump to search
Түп нуска ― көркөм сүрөт искусствосунда – кайталангыс чыгарма. Ал көчүрмөдөн (өзүнөн тарткан), репродукциядан же жасалмадан айырмаланып турат. Т. н. термини көчүрмө үчүн үлгү болуп эсептелген чыныгы көркөм чыгарманы да түшүндүрөт. Сөздүн бул маанисинде Т. н. бир эле көркөм чыгарма эмес, башка нерселерди да түшүндүрөт. Байыркы орус живопись практикасында Т. икона тартуучуга (түшүндүрмө түп нуска) негизинен техникалык жактан кенен көрсөтмө берүүчү жетекчилик жана үлгү сүрөттөр – «прописейлер» жыйнагы (беттик түп нуска деп аталган) аталат. XVII кылымдын башындагы Строгановдук беттик түп нуска өзгөчө толумдуулугу менен айырмаланат.
Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004