Түркестан жаянчасы

Википедия дан

Түркестан жаянчасы (лат. Gyptosternum reliculatum) - жаяндар түркүмүнө, Sisoridae уруусуна, Gyptosternum түркүмүнө кирет. Денеси жылаңач, кабырчыксыз, башы жалпак, көздөрү кичине, боору ак, денесинин уз. 180 мм жетет, ургаачысы эркектерине караганда кичине.

Кыргызстанда: Нарын, Сырдарыя, Кара-Суу, Жумгал, Ат-Башы, Өзгөн жана башка дарыяларда таралган. Бул түр тоо этектериндеги дарыяларда көп жолугат. Т. ж-нын биол-сы начар изилденген. Жашаган жерлери таштак, ылайлуу жай аккан суулар. Бул түр көпчүлүк жерлерде кара балыктар, алабугалар менен чогуу бир биоценоздо жашашат. Таштарга жабышып жашаган курт-кумурскалардын личинкалары менен азыктанат. Жаянчанын көпчүлүк жерлерде саны аз. Ошондуктан, бул түр Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]