Түркманчай келишими
Түркманчай келишими - орус-перс согушу (1826-28) аяктаган сон, Россия менен Персиянын ортосундагы тынчтык келишими.
1828-ж. 10(21)-февралда Тебризге жакын Түркманчай кыштагында кол коюлган. Түркманчай келишими Гулстан тынчтык келиишмин (1813) бекемдеген, ошондой эле Россияга Чыгыш Армения аймагы - Ереван жана Нахичеван хандыктары өтүп, Иран 20 млн күмүш акча контрибуция төлөөгө милдеттенген. Россиянын Каспий деңизинде согуштук флотту кармоо укугу жана орус көпөстөрүнүн Иранда эркин соода кылуу укугу ырасталган. Түркманчай келишими Россиянын Закавказьедеги абалын бекемдеген. Келишим Персияда жашаган армян эли үчүн маанилүү болгон.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4