Түркстан жаянчасы

Википедия дан

Түркстан жаянчасы (Gyptostemum reliculatum ?) - жаян сымалдар түркүмүнүн багарлар (Sisoridae) уруусуна кирүүчү балык.

Денеси жылаңач - кабырчыксыз, башы жалпак, көздөрү кичине, боору ак, дене уз. 180 мм, ургаачысы эркектерине караганда кичине. Кыргызстанда: Нарын, Сыр-Дарыя, Кара-Суу, Жумгал, Ат-Башы, Өзгөн ж. б. дарыяларда таралган. Бул түр тоо этектериндеги дарыяларда көп жолугат. Түркстан жаянчасынын биологиясы начар изилденген. Таштак, ылайлуу, жай аккан сууларда жашайт. Бул түр көпчүлүк жерлерде кара балыктар, алабугалар менен чогуу бир биоценоздо кезигет. Таштарга жабышып жашаган курт-кумурскалардын личинкалары менен азыктанат. Көпчүлүк жерлерде саны азайгандыктан, Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4