Түркстан эл комиссарлар совети

Википедия дан

Түркстан эл комиссарлар совети – Түркстандагы мамлекеттик бийликтин башкаруучу жана аткаруучу жогорку органы. Ал 1917-жылы 17-ноябрда түзүлгөн. Түркстан эл комиссарлар совети мамлекеттик эски аппаратты жоюп, пролетариат диктатурасынын органы – Жумушчу-дыйкан өкмөтүн орноткон. Ал жол катнаш, аскер иши, тышкы иштер, юстиция, почта, телеграф, эл агартуу жана башка комиссариаттарды түзүп, банк, өнөр жай ишканаларын мамлекеттештирген. Түркстан эл комиссарлар совети 1924-жылы Орто Азиянын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшүнөн кийин жоюлган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]