Түрү сууктардын корпорациясы

Википедия дан

"Түрү сууктардын корпорациясы" (англ. Monsters, Inc., орус. Корпорация монстров) -2001-жылы "Pixar Animation Studios" өндүргөн жана "Walt Disney Pictures" жайылткан компүтерде анимацияланган америкалык комедиялуу тасма. Тасма Ли Анрич жана Дэвид Силвермен менен биргелешип тарткан, Пит Доктердин дебюттук режиссёрлук иши болуп саналат. Тасмадагы негизги окулар "Түрү сууктардын корпорациясында" иштеген эң коркунучтуу Жеймс П. "Саллей" Салливан (Жон Гудмен) жана анын бир көздүү өнөктөшү жана жакын досу Майк Вазовски (Билли Кристал) тууралуу. Тасмада "түрү сүүктар" корпорациясынын кызматкерлеринин башкы максаты кичинекей балдарды кармоо жана коркутуу менен шаарынын күчүн жогорулатуу болуп саналат. Бирок алар ошол эле учурда кичинекей балдар өздөрүнө жамандык алып келет деп коркушат. Балдардын бирөө түрү сууктардын шаарына киргенде, Майк жана Салли аны үйүнө кайтарып берүүгө аракет кылышат.

Тасманын алгачкы иш-аракеттерин Доктер 1996-жылы баштап, Жил Көлтин, Жефф Пижен жана Ралф Эгглестон менен биргеликте тасманын окуясын жазган. Тасманын сценарийин "Pixar" студиясынын директору Эндрю Стентон жана сценарист Дэниел Герсон биргеликте жазышкан. Тасма киносынчылар тарабынан алкышка ээ болуп, 2001-жылы, 2-ноябрда чыккандан бери дүйнө жүзү боюнча 577 миллион АКШ долларын табуу менен кирешелүү тасмалардын катарын толуктаган. "Түрү сууктардын корпорациясы"-2012-жылы, 19-декабрда 3D форматында кайрадан чыгарылган. 2013-жылы, 21-июнда 12 жылдан кийин Дэн Скенлон тарткан "Түрү сүүктардын университети" аттуу тасманын баштапкы бөлүмү чыккан.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]