Түс температурасы

Википедия дан

Түс температурасы – спектрофотометрдик же колориметрдик температура, үзгүлтүксүз спектрдин оптикалык диапазонунда λ толкун узундугунун өзгөрүшү менен кандайдыр бир булактын I(λ) нурдануу интенсивдүүлүгүнүн жүрүшүн аныктоочу физикалык параметр.

Түс температурасысы толкун узундуктарынын каралып жаткан интервалында интенсивдүүлүктүн ошол эле салыштырмалуу бөлүштүрүлүшүнө ээ болгон абсолюттук кара нерсенин температурасына барабар деп кабыл алынат. Түс температурасы берилген түстүн булактын нурлануусуна кошкон салыштырмалуу салымын, б. а. булактын көрүнгөн түсүн шарттайт. “Түс температурасы” түшүнүгү астрофизикада жана фотометрияда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]