Түтүк

Википедия дан

Зергерлердин аспабы. Күмүштү «сиркелетүүдө» (сирке төгүүдө) майда тоголок күмүш жасоодо үйлөтүү үчүн колдонулат. Муну зергерлер металлдан, жезден, мистен, калайдан жасап алышат. Эгер жыгачтан (талдан, табылгыдан, шилбиден жана башкалардан) болсо, анын жарылып кетпеси үчүн сыртынан зымдан шакекче коет. Үйлөө менен желдин басымын берүүчү бул түтүктүн аяк башы бирдей келип, анын дм и 15—20 мм болот.


Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)