Түтөк мөңгүсү
Түтөк мөңгүсү — Алай кырка тоосунун батыш бөлүгүнүн түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу. 4,1 км, аянты 4,6 км. Сох суусунун сол курамы Ак-Теректин алабында жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 4600 м, этеги 3260 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3900 м, абляция областынын 2,7 км. Тилинин учу калың морена менен капталган. Мөнгүдөн Ак-Теректин оң курамы Түтөк-Суусу башталат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргызстандын географиясы, Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2
Интернеттеги айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Түтөк мөңгүсү(жеткиликсиз шилтеме)