Түштүк Кара-сай мөңгүсү

Википедия дан

Түштүк Кара-сай мөңгүсү Ак-Шыйрак тоо тоомунун түштүк-батыш капталында, Чоң Нарын суусунун сол курамы - Кара-Сайдын сол жак төрүнөн орун алган.

Уз. 7,2 км, аянты 16,0 км2, алардын ичинен абляциясынын аянты 2,2 км2. Башы деңиз деңг. 4980 м, этеги 3880 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4060 м. Фирн облусу кенен төрдө жатат. Бул мөңгү өткөн кылымдын 50-жылдарында Түндүк Кара-Сайдын бир тармагы болгон. Мөнгүдөн Кара-Сай суусунун сол курамы башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4