Түштүк Фергана жаракасы

Википедия дан

Түштүк Фергана жаракасы - Түштүк ТеңирТоо бүктөлүү аймагынын түндүк чегиндеги жер кыртышынын эң терең тектон. жаракаларынын бири.

Фергана өрөөнүнүн түштүк жана чыгыш тарабын курчап турган тоолордун этеги менен жүздөгөн кмге созулат. Анын батыш уландысы Түндүк Нура тоо жаракасы, чыгыш уландысы Араван - Зындан - Майлы-Суу жаракалары деп аталат. Аларды Талас - Фергана жаракасы кесип өтөт да, анын чыгышында Ат-Башы - Эңилчек жаракасы болуп уланат. Жараканы бойлоп жаткан тоо тектер күчтүү кысым астында өтө метаморфизмделген. Геол. жана геофиз. маалыматтарга караганда Түштүк Фергана жаракасы байыркы океан менен континентти бөлүп турган терең жаракалардын тобуна кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4