Түштүк парк

Википедия дан

"Түштүк парк" (англ. South Park) - чоңдорго арналган америкалык анимацияланган комедиялуу сериал. Тасманы Трей Паркер жана Мэтт Стоун тартышкан жана Брайан Граден аны Comedy Central каналы үчүн өндүргөн. Бул телесериал- Стан Марш, Кайл Брофловски, Эрик Картмен жана Кенни МакКормиктин жашоолорундагы окуяларды чагылдырып, алардын Колорадо шаарындагы укмуштуу жоруктарын баяндайт. "Симсондорго" (англ. The Simpsons) көп окшоштугу бар "Түштүк парк" сериалында көп сандаган каармандар катышат жана ал чоңдорго арналган ар түрдүү темадагы кара юмор жана сөгүшүүлөрдү камтыгандыгы менен белгилүү.

Контролдук эпизоддор кесилген анимациянын негизинде тартылып, кесилген сүрөттөр компүтердин негизинде жандандырылган. Тасмадагы эркек каармандардын көпчүлүгүнө Паркер жана Стоун үн коштошкон. 2000-жылдан бери тасманын башкы жазуучусу жана режиссеру Паркердин жардамы менен ар бир эпизод бир жуманын ичинде жазылып жана тартылат. "Түштүк парктын" жыйырма сезонунда толугу менен 277 эпизод бар. Телесериалдын жыйырманчы сезонунун премьерасы 2016-жылы, 14-сентябрда өткөн. Ал эми 21-сезондун премьерасы 2017-жылы, 13-сентябрда өтөт.

"Түштүк парк" көп сандаган сыйлыктарга ээ болгон. Алардын арасында беш " Primetime Emmy Award", бир "Peabody Award" жана бир нече басылмалардын тизмесинде эң мыкты телеберүү деген наамга жеткен. Телесериал жараткан ийгилик "Түштүк парк: чоңураак, узунураак жана кесилбеген" (англ. South Park: Bigger, Longer & Uncut) аттуу тасманын тартылышына себепкер болгон жана ал телеберүүнүн алгачкы премьерасынан эки жыл өппөй 1999-жылы, июнда жарыкка чыккан. Тасма чыккандан кийин жогорку кирешеге ээ болгон жана жакшы сын-пикирлерге ээ болгон. Жада калса "Оскар" наамына көрсөтүлгөн. 2013-жылы, TV Guide "Түштүк парк" сериалын тизмедеги "Эң мыкты 10- мультфильм" деп атаган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эпизоддор тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]