Түшүндүрмө мүчө

Википедия дан

Түшүндүрмө мүчө - сүйлөмдүн баш же айкындооч мүчөлөрүнөн кийин келип, анын маанисин аныктап, ар түрдүү кырдаалдагы абалын толуктап, тактап, түшүндүрүп туруучу мүчөлөр.

Түшүндүрмө мүчө түзүлүш өзгөчөлүктөрүнө карай: жандамалуу (аныкталгычтан кийин жанаша айтылып, анын кесибин, туугандык байланышын, жаш өзгөчөлүгүн, сапатын ж. б. белгилерин көрсөтүп турат. Жандамалуу Түшүндүрмө мүчөдө аныкталуучу сөз, көбүнчө адам аттарынан болот да, аны аныктай турган Түшүндүрмө мүчө: ак сакал, карыя, ата, апа, жылкычы, байбиче, жеңе, эже, өтүкчү ж. б. у. с. сөздөрдөн турат), түгөйлүү (аныкталуучу затка экинчи бир зат атооч кош айтылып, анын кесибин жана ар кандай белгисин билдирип турат.

Мис., инженер-механик, инженер-технолог ж. б.) жана обочолонгон Түшүндүрмө мүчө (сүйлөмдүн баш же айкындооч мүчөлөрүнөн кийин келип, алардын маанисин аныктап, тактап жана толуктап турат. Сүйлөмдө ээнин да, баяндоочтун да, аныктоочтун жана бышыктоочтун да обочолонгон Түшүндүрмө мүчөлөрү болот. Мис., Биз, студенттер көп окуп, көптү билишибиз керек.) болуп үчкө бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4